Орусиялык журналист: "Кыргыз өлкөсүнө авторитардык режимди орнотуу үчүн согуш чыгарылды"
Орусиялык журналист, коомдук ишмер Максим Шевченко кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, бул согуштун максаты - кыргыз жериндеги эркин ойлонууну жок кылуу.
"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан - эки башка саясий системасы бар өлкөлөр. Тажикстан Эмомоли Рахмондун эркинен сырткары бир нерсе жасоого мүмкүн болбогон авторитардык өлкө. Ал жакта Рахмондун эркине ар бир чымчык баш иери түшүнүктүү. Кыргыз өлкөсү таптакыр башкача башкаруу системасына ээ болгон парламенттик өлкө. Ал өлкөдө президент элине жакпай калса аны ордосунан сүрүп чыгарып коюшат. Постоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз өлкөсү өзгөчө мамлекет. Ошондуктан менин оюмча ал жакка авторитардык режимди орнотуу үчүн Кыргыз өлкөсүн бул согушка атайын тартып жатышат. Бул согуштун максаты кыргыз жериндеги эркин ойлонууну жок кылуу.
Бул тажик эли менен кыргыз элинин ортосундагы согуш эмес, бул кайсы бир аймактын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү үчүн кандайдыр бир олигархтык, аскердик жана башка күчтөрдүн согушу. Кыргыз өлкөсүнүн үстүнөн азырынча көзөмөл жок. Авторитардык өлкөнүн үстүнөн көзөмөл кылуу оңой болот", - деди Шевченко.












1 |