super.kg logo

ИИМ: "6-майга карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу"

 

6-майга карата Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок.

"Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүүдө. Чек арага чектеш аймактагы коопсуздукту милиция менен бирге ички аскерлер менен башка күч түзүмдөрү көзөмөлдөөдө.

Мындан сырткары Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында жеринде 48 ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Баткен ОИИБинин өздүк курамы жана бул аймакка тартылган милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: