super.kg logo

"Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя тыкыр иликтенсин". Женевадагы кыргыздар митингге чыгышты

 

Кечээ, 5-майда Швейцариянын Женева шаарында Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинин алдында Кыргыз жарандары митингге чыгышты. Бул тууралуу Чолпон Орозбекова аттуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты.

Анын айтымында, алар мындай кадамы менен эл аралык коомчулукту Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяга көңүл бурууга чакырышкан.

"Биз БУУ, Евро Биримдик баш болгон уюмдардын эки мамлекеттин ортосундагы маселелерди тынчтык жолу менен чечилишине салым кошуу, жабырланган жарандарга колдоо кылуу жана Тажикстандын биздин жай тургундарга оор куралдардын пайдаланышын иликтеп чыгууну талап кылдык. Ошондой эле Амнести, Интернейшнл жана Хьюман Райтс Воч уюмдарына да кайрылып, бул конфликтти тыкыр иликтеп, кагылышуунун хронологиясын тизип чыгуу өтүнүчү менен да кайрылдык. Эң башкысы, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы суу жана чек ара маселелеринин тынчтык жолу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек", - деп жазган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: