super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: "Эшик жыртуу", "Котур ташы койнунда" фразеологизмдеринин мааниси

 

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында "эшик жыртуу", "котур ташы койнунда", "колтугуна суу бүркүү" фразеологизмдеринин маанисине көңүл бурабыз. Эл арасында аталган сөз айкаштары айтылганы менен, көпчүлүк маанисин биле бербейт эмеспи. Жогорудагы фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев айтып берди.

Эшик жыртуу - Тынымсыз келе берүү, тындырбоо, кайра-кайра кирип-чыга берип тажатуу. Мисалы: "Түн жамынып эшик жырткан жарамазанчы болуптур дедирип, элге-журтка кеп кылмаксың го" (Качкынбай Осмоналиев).

Котур ташы койнунда - Жаман ойлуу, ичи арам, бирөөгө жамандык кылайын деген ниети, бузукулук ою бар. Мисалы: "О, наадан десе, кантер экен деп тим койсо, кылтыйып котур ташы койнунда турбайбы" (Насирдин Байтемиров).

Колтугуна суу бүркүү - Бирөөгө каршы көкүтүү, астыртан тукуруп, шилтеп коюу. Мисалы: "Караңгы кишилерди көкүтүп, колтугуна суу бүркөт" (Зыяш Бектенов).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: