Жогорку Кеңеште Баткендеги чек ара чыры боюнча маселени кароону күн тартибине киргизүү сунушталды
Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште Баткендеги чек ара чыры боюнча маселени кароону күн тартибине киргизүү сунушталды.
Депутат Абдывахап Нурбаев чек ара боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, тийиштүү комитет бул маселени караган.
Депутат Шайлообек Атазов Нурбаевдин сунушун колдоду. "Коргоо министри, чек ара кызматынын өкүлүн, ички иштер министрин чакыруу керек. Элден айланса болот. Эл тарабынан гуманитардык жардамдар келип жатат. Мигранттар дагы жардам берип жатышат. Элибиздин берген акчасын көзөмөлдөгөн комиссия түзүү керек", - деди ал.
Өкмөт өкүлү бул маселени башка күнгө жылдырууну сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.