super.kg logo

Бишкекте акыркы бир сутка ичинде 246 адамдан коронавирус аныкталганы айтылды

 

Бишкекте коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курч. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарында 6-майга карата бир сутканын ичинде коронавирус оорусунун 246 учуру катталды. Анын ичинен 222си лабораториялык жол менен тастыкталган. 22си клинико-эпидемиологиялык пневмония. Борбор калаанын райондору боюнча катталуусу 213. Ленин району боюнча 88, Биринчи Май району 44, Октябрь району боюнча 37, Свердлов району боюнча 37.

Башка аймактан келип, Бишкек шаарында каттоого алынгандардын саны 33. Оорунун симптомдору менен кайрылгандар 33, симптому жоктор 53. Ооруканага жаткырылгандар бир сутканын ичинде 246 учурдун ичинен 68 учуру. Үй шартында дарыланып жаткандардын саны 178", - деди Рыскулбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: