super.kg logo

Депутат Мамашова: "Конституцияга кол коюу аземине бардык өкмөт мүчөлөрү келип, бүгүн чек ара маселесин талкуулаганга эч ким келе албайбы?"

 

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште Баткендеги чек ара чыры боюнча маселени кароону күн тартибине киргизүү сунушталды.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов бул маселени башка күнгө жылдырууну сунуштады. Өкмөт мүчөлөрү Баткенде жүрүшкөнүн айтты.

Депутат Айсулуу Мамашова: "Сиздерге чоң таарынычым менен кайгыруумду айткым келет. Эмне үчүн кечээ Конституцияга кол коюу аземине бардыгы келди? Баткенде болгон окуя анча маанилүү эмеспи? Жыйынтыгын чыгаруу керек. Жоопкерчиликти бирөө алышы зарыл. Элди сыйлагыла. Элди сыйлабагандын түбү ушул болуп жатат. Кайсы жетекчилер бар болсо ошолор келсин. Талкуулайлы", - деди.

Өкмөттүн өкүлү: "Биз дагы Баткенде эмне болуп жатканын билебиз. Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бардыгы ошол жакта. Мен ал маселени көтөргөн жокмун", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2021. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку Кеңешти эми эч бир мамкызматкер тоготпойт,баарын президент чечет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: