"Эң азы 5 сом берди". Ак Үйдүн алдында өткөн акцияда депутаттардан 44 миң сомго чукул каражат чогултулду
Ак Үй имаратынын алдында "Элдик штабданбыз" деген ыктярчылар Баткендеги Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан жабыр тарткан элге жардам иретинде акция өткөрүшүүдө. Анда чыккан активисттер Жогорку Кеңештин жыйынына келе жаткан депутаттардын алдын тосуп, канча суммада жардам бере аларын сурап, каражат чогултушту.
"Акциянын жыйынтыгында, эл өкүлдөрүнөн 43 миң 561 сом каражат чогултулду. Эл өкүлдөрүнүн арасында эң көп бергени 10 миң сом берди, ал эми эң аз бергени 5 сом болду", - деди акциянын катышуучусу.
Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.

Ар бир нерсеге шугур кылган кунго жеткенде гана бактылуу боло алабыз.