super.kg logo

"Окуяны көздөрүнө жаш алуу менен эстешти". Чек арада жаракат алган аскерлер дарылануусун улантууда

 

Чек арадагы окуяда жаракат алган Ички иштер министрлигинин аскерлери менен милиция кызматкерлери медициналык жардамдарды алууда. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин бир катар жетекчилери Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан жаракат алган аскерлердин жана милиция кызматкерлеринин акыбалы менен таанышуу үчүн Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна барышты.

"ИИМдин жетекчилиги дарыгерлер менен маектешип, дарыланып жаткан кызматкерлердин жана жарандардын ден соолугунун акыбалын сурады. Баарлашуу учурунда дарыланып жаткан аскер кызматкерлери аталган окуяны көздөрүнө жаш алуу менен эскеришип, ата мекенин коргоо үчүн өз өмүрлөрүн жумшоого ар дайым даяр экендигин баса белгилешти.

Каргашалуу окуяда жаракат алган Баткен ОИИБинин кызматкери Адилет Атамалиев учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ооруканада оор абалда жаткан милиция кызматкеринин ата-энеси менен анын кесиптештери жолугуп, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүштү. Жаракат алган бардык кызматкерлерге азык-түлүктөр тапшырылып, зарыл болгон бардык медициналык жардамдар берилүүдө", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2021. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаа берсин сакайып келишсин амин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: