super.kg logo

Салык кызматы төрт айда 29 миллиард 781 миллион сом салык жыйнаганын маалымдады

 

Мамлекеттик салык кызматы 4 айда 29 миллиард 781 миллион сом салык жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ага ылайык, 2021-жылдын январь айынан тартып апрель айына чейин 29 миллиард 781 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 106,9 пайызга аткарылды же 1 миллард 923 миллион сомго ашыгы менен жыйналган.

"2020-жылдын 4 айына салыштырмалуу салыктар 7 миллиард 864 миллион 600 миң сомго көп жыйналды. Ошол эле учурда республикалык бюджетке 23 миллиард 641 миллион 200 миң сом салык жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 6 миллиард 421 миллион сомго өстү.

Ал эми жергиликтүү бюджетке 6 миллард 140 миллион 400 миң сом салык түштү, тагыраагы 662 миллион 200 миң сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 443 миллион 600 миң сомго көп жыйналды", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: