"Ок, миномёттун чачырандылары тийген". Баткенде чек арадагы окуядан зыянга учураган электр жарыгы оңдолду









Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан улам өчүп калган электр жарыгы калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Ош электр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек арадагы чырдан улам Ак-Сай, Достук айылдарындагы аба чубалгыларына ок, миномёттун чачырандылары тийип электр тармактарынын линияларына бир топ зыян келтирген.
"Анын кесепетинен бир канча трансформаторлор иштен чыккан. "Ош электр" ААКсынын Баткен райондук электр тармактары тарабынан талкаланган электр тармактары кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө зыянга учураган электр линиялары калыбына келтирилип, аталган айылдарга электр энергиясы өз нугунда жеткирилип жатат", - деп жазылат маалыматта.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан "Ош электр" ААКсынын Баткен жана Лейлек районундагы электр тармактары зыянга учурады.
Баткен району боюнча:
- 10кВ аба чубалгысы узундугу – 0,45 чакырым,
- 0,4кВ аба чубалгысы узундугу – 0,6 чакырым,
- трансформатор 100кВА – 1 даана,
- трансформатор 250кВА – 1 даана жана жалпысынан 547 миң 254 сомдук зыян тартуу болду.
Учурда "Ош электр" ААКсынын Баткен райондук электр тармактары тарабынан түзүлгөн жумушчу топ Ак-Сай, Достук айылдарында зыянга учураган электр линияларын калыбына келтирип, аталган айылдарды электр энергиясы менен толук кандуу камсыз кылды.
Лейлек району боюнча:
- 10кВ аба чубалгысы узундугу – 0,5 чакырым,
- 0,4кВ аба чубалгысы узундугу – 1 чакырым,
- трансформатор 100кВА – 2 даана,
- трансформатор 160кВА – 1 даана,
- КТП шкаф – 1 даана жана жалпысынан 881 миң 493 сомдук зыян тартуу болду.
"Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында жана Интернационал, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка-2, Борбордук айылдарында каргашалуу күндөрү электр тармактары талкаланып, жааган октун кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Бүгүнкү күндө Лейлек РЭТи аталган айылдардагы аба чубалгыларды куруп, трансформаторлорду кайрадан орнотуп, электр энергиясын өз нугуна түшүрдү", - деп жазылат билдирүүдө.
