Шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы ушул аптада чыгат
Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы ушул аптанын аягына чейин чыгарылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовго байланышканыбызда билдирди.
"Азыркы учурда иштеп жатабыз. Шайлоонун жыйынтыгы ушул аптанын аягына чейин чыгат", - деди Маматов.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүп, 28 шаардык кеңеште, 420 айылдык кеңештерге шайлоо болуп өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.