Баткенде 15 жаштагы кыз изделүүдө



Баткендин Кадамжай районунун Ынтымак айылынын 15 жаштагы тургуну Мадина Мыктыбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кыз 4-май күнү саат 12:30 чамаларында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул факты Маалыматтардын электрондук журналына "дайынсыз жоголуу" менен катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Мадина үйдөн чыкканда ак түстөгү водолазка, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Бою 150-160 сантиметр. Милиция сүрөттөгү кызды көргөн-билгендерден маалымат беришин суранат: 03655 (5-02-29) 0704 27 64 16
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.