super.kg logo

Жарандык активист Жеңиш Молдокматов ИИМге сурак берип чыкты

 

Бүгүн, 6-майда жарандык активист Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигине сурак берип чыкты. Эмне себептен суракка чакырылгандыгы тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жарыялап, октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана ошого катышкан бардык тараптар суралышы керектигин билдирди.

"Суракка бир иш боюнча 10:00дө кирип 13:30да чыктым. Негизинен Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында эки иш боюнча күбө катарындамын. Биринчиси 5-6-октябрь боюнча. Азыр тергөө бүттү, тийиштүү протоколдорго кол коюп чыктым. Ал эми бүгүн кечинде дагы 9-октябрь боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралам. Жалпы октябрь окуялары боюнча тергөөдө көрсөткөн көрсөтмөлөрүм жана жалпы элге да кайрылуум бар.

Бул октябрь боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана ошого катышкан бардык тараптар суралышы керек. Мына ошондо адилеттүү тергөө болот деп айта алам. Ал болмоюнча бул тергөө дагы, сотко өткөн иш дагы адилетсиз болот. Экинчиден бүгүнкү күнгө чейин ушул иштин эң негизги күнөөкөрлөрү суракка чакырылган жок. Аларга карата иш козголгон жок. Алар Опумбаев, Жунушалиев жана башка тийиштүү тараптар. Ушунун бардыгына иш козголуп, бардыгы бирдей суракка алынышы керек", - деди Молдокматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.05.2021. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен дагы кыргызга болгон бир проблема экенсин!!! Кемпир Абатта журдун, Баткенге неге барбадын?
06.05.2021. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молдакматов акыркы кундору Ташиев менен Жапарвдун ишин коп сындап журот,ошон учун эле чакырып кичине оозун тыйып койолу дегендир да.Эгерде октябрь окуясын алсак кунолуу и куболор толтура мындан башка!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: