super.kg logo

Бишкекте 1959-жылы туулган Рысбек Сейталиев дайынсыз болуп изделүүдө

 
Бишкекте 1959-жылы туулган Рысбек Сейталиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2-май күнү Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 28-апрель күнү саат 15:00 чамасында Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан үйдөн күйөөсү Рысбек Сейталиев чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң. Эс-учун жоготуп коймой жайы бар.
Кийген кийимдери; көк түстөгү жилет, спорттук шым, кара бут кийим кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн же билген болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0 312 352-605, 0 312 444- 457, 0312 352-632, 0701 644-403 , 0705 075-018 и 102.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: