super.kg logo

"Балдарды көзөмөлдөгүлө". Бишкекте 4 ай ичинде адашып жүргөн 27 өспүрүм табылды

 

2021-жылдан бери Бишкек шаарынын аймагында адашып жүргөн 27 жашы жете элек өспүрүм табылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар адашып же жоголуп кетүү фактысы менен 102 линиясы боюнча чакыруулар келип түшүп, баары табылып, ата-энесине жана жакын туугандарына сак-саламат жеткирилип берилген.

"Бул кайгуул кызматкерлеринин көмөгү менен табылган өспүрүмдөр гана. Башка райондук милиция бөлүмдөрү аркылуу табылган өспүрүмдөр да көп кездешүүдө. Көпчүлүк өспүрүмдөр үйүнөн ойноп чыгып же ата-энелери менен соода-сатык жайларга бирге барып, андан ары адашып калган фактылар көп катталууда.

Андыктан милициянын кайгуул кызматы ата-энелерге жана жашы жете элек балдарды караган улуу муундарга өзгөчө кайрылат. Балдарды кароосуз калтырбоого, мектептен же бала бакчадан чыгуу учурунда коштоп келип, кетүүсүн жана жашаган дарегине жакын жайларды жаттап калуу багытында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсүн суранат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: