Блогер Аскар Турдугулов акыйкатчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды
Акыйкатчы Токон Мамытов социалдык тармактарда Оскар Райс ысымы менен белгилүү блогер Аскар Турдугуловду мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып дайындады. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчысынын кеңешчиси болуп иштөө биздин республикада жана түздөн-түз Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын аппараты менен биргеликте адам укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн кеңири укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Турдугулов менен болгон бул өз ара аракеттенүү узак мөөнөттүү, максаттуу жана мүмкүн болушунча натыйжалуу болот деп ишенем", - деп белгилеген Мамытов.
Өз кезегинде Аскар Турдугулов акыйкатчыга жогорку ишеними үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз өлкөсүндө жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жардамга жана конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоого муктаж экендигин белгилеген.


1 |