super.kg logo

Жогорку Кеңеште айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү ыйгарым укуктарын акимдерге берүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

 

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү ыйгарым укуктарын акимдерге берүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты.

Депутат Замирбек Эсенаманов мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилик кызматтарына талапкерлерди тандоо процессин жөнгө салуу жана райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акимдин ролун күчөтүү максатында иштелип чыккандагын белгиледи. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысына - акимге айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо үчүн жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугун берүү сунушталууда. Мындан сырткары талапкерлерди көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерин шайлоого байланышкан мөөнөттөрдү кыскартуу сунушталып жатат.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерин шайлоого талапкерлерди тандоонун эрежелери жана процесси, талапкерлерди кадрлардын муниципалдык резервинен тандоонун механизмдери тууралуу маселелерди көтөрүштү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Аалы Карашев айтылган сунуш-пикирлердин баары мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоонун алкагында караларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.05.2021. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайра артка кетип жатышат, аким талапкерден акча алып андан кийин айылдык Кеңешке талапкерди мактап жактап алып барат.Элдик шайлоо менен шайлаш керек болчу ар бир аймак өз башчысын өзү тандамак.
06.05.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эски айыл окмот башчылар акимдин адамдары да кайра эле озунун адамын шайлайт Эл кала берет эч Бир пайдасы жок
06.05.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул нерсе туура эмес
06.05.2021. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болбогон нерсе. Элдин тандоосуна койуп берсе болот елего. Эл шайлаш керек. Аким тандайт депутаттарды сатып алат. Акимге куурчак болушат мооноту буткончо
07.05.2021. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар эмне болсо эле колдоп коюп отурат.Аларга пох
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: