super.kg logo

"Тажик тарап максатына жакындап жатса, биз Лейлек жана Сүлүктү тарапты анклавга айлантууга мүмкүнчүлүк ачып жатабыз" дейт эксперт

 

Буга чейин саясий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов SUPER.KG порталына чек ара чырына алып келген себептерди айтып маек берген.
Анда ал:
"Коңшу тараптын башкы максаттарынын бири сууну көзөмөлдөө болсо, экинчиси Ворух менен Ходжент тарапты туташтырууну ниет кылышкан. Ошон үчүн биздин жетекчилик Ворух менен Исфаранын ортосундагы аймакты катуу кайтарыш керек. Анткени ал биздин аймак болуп эсептелет. Биз ошол жерди алдырган болсок, анда Баткендин жарымы анклавга айланып кетет", - деген пикирин айткан.

Ал эми бүгүн, 6-майда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол кура турганын расмий кабарлады. Анда эки өлкө делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин жана Кыргыз-Тажик чек ара чеги юридикалык негизде бекитилгенче Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло-Ворух жолун кура турганы айтылып, кийин тажик тарап жолду колдоно турганы белгиленет.
Мындан улам бул маалымат тууралуу Айданбек Акматов кайра эле пикирин билдирди. Айтымында, бул тажик бийлигинин максатына жетүүсүнө жеткирчү бирден бир негизги кадам.

"Биринчиден, бул тажик тараптын Ворух анклавы менен Ходжант тарапты туташтыруу боюнча максатына кадам таштоо. Алар чынында максаттарына жакындап жатышат. Биз тескерисинче Лейлек жана Сүлүктү тарапты анклавга айлантууга мүмкүнчүлүк ачып жатабыз. Ал жерде бул жолдун курулушу менен жол курулган жерлердин статусу өзүнчө бир келишим менен аныкталат деп айтылыптыр.

Келишим кандай болот, ал дагы өтө маанилүү. Бирок азыркы учурда Тажик тарап көздөгөн максатына жетип жатканын дагы да баса белгилеп айткым келет. Алардын негизги максаты да Ворухту туташтыруу болчу. Ташиев айткан 4 протоколдо ушул нерсе камтылган. Бул маалымат алгач биз тараптан ачыкталбай, алгач Тажик тараптан ачыкталганы да күмөн жаратат", - дейт Акматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
06.05.2021. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
06.05.2021. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эмнеге биргкликте курат андан коро чан жолдо жургон жакшыго .кандай тушунсо болот бул кадамын бийликтин
06.05.2021. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Воруха жол жок! Эчкандай жол ачылбашы керек!
06.05.2021. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Короче Садыр менен Ташиев Кыргызстанды сазга тыгат, биягы белгисиз маршрут.
06.05.2021. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Как будто силерге алар мээси жок неме да аа, силер ойлогон нерсени Ташиев, Жапаровдор эчак эле ойлоп койгон.
06.05.2021. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ворух анклавын Кыргызстанга сатып алып болсо да кайтарып алыш керек болуп атат элден акча чогултуп же Кумтөргө ультиматум койуш керек силер кеткиле же бизге Ворухту алып бергиле деп. Ворухту 1 же 2 миллиард долларга берсе керек. Кыргызстандын картасынын ичиндеги ойулган жерлерди (анклавдарды) өзүбүзгө кайтарып алышты биринчи планга койуш керек.
06.05.2021. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ичим күйүп күйүп жатат. Эмнеге тажиктердин алдында алардын талабына макул болуп отурушат. Эмнеге өздөрү талап кое алышбайт. Ворухга вообще жол ачбайбыз. Жерди да бербейбиз десе болбойбу. Бул жерде бир сыр бардай. Эмнеге Кыргызстан так маалымат таратбай элге караңгылык кылып жатат
06.05.2021. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Негатив жазып, минус баскандар, мен ошол жерден болом, Ворухту силерге караганда жакшы эле түшүнөм. Туула элек эшектин наркын бышырып атканыңар түптүз чыгымчылдык болот. Ушунча элди нааразы кылып, алардын келечегине чычып, Ташиев Жапаров ошол ишти кылаарына алдын ала кантип жыйынтык чыгарып жатасыңар. Акыл менен кудай тааныптыр дейт
06.05.2021. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Jaraisyn,ворухтан болосуңбу? Баткендин жарымы Ворухтун кейпин кийип калуусун каалап атасыңбы? Ворух анклав боюнча калыш керек болбосо Кыргызстанга өтүш керек.Акыркы жыйынтык ушундай болушу керек.
07.05.2021. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул бийликтин колунан жакшылык келбей калды. Кенди орустарга карматты. Озу айтмакчы кыргыздар алтынды орустарга берип ордуна уу алат.
Ал аздай Озбекисианга сууларды, жерлерди бере турган болуп чыкты эле, эми тажиктерге жол салып бере турган болуп жатат. Мындан чыкты, тажиктерге тизе бугуп, чек аралар Озбекистан менен Тажикистандын пайдасына чечилээрин акмак да тушунуп бутту. Ата-энене наалат силердин, Жапаров менен Ташиев! Окшошкон саткындар!
06.05.2021. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул болбогон келишим бузуш керек токто уш керек
06.05.2021. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ташиевке айткыла жакшылап ойлонсун
06.05.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушунчалык да бош болушабы биздин чоңдор, сасык тажиктер өзүбүздүн жерден кууп чыкты, өрттөдү, тоноду унчукпады. Моюнуна алса төлөп берер, болбосо өзүбүз турак жай курабыз деп былжырап отурушат акмактар. Садырың баш болуп, Ташиевиң төш болуп.. Иштегени билинет булардын башыдан эле казино адалырак деп ишти кумар оюнудан баштады.
06.05.2021. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ит экенсиңер короче!!!
07.05.2021. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сатылып жеп буткон буга чейин ошого ооздорун ачып отурат! Же ошо Таши Садыр заправщиктердин бензини отуп гулдоп алыш кк эки окумаган дос! 3) же жунбаштардын товары биздин жол мн тажикстанга отуп туруш кк. Россия мн Тажикстандан коркуп макул болуп атышат. Менде ушу 3 вариант!
raykray түзөттү 2021-05-07 01:03:29
07.05.2021. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Темселеген доопарас бийликти тажиктер каалагандай суйроп жатат ит жугурук кылып!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: