Чек ара чырында жаракат алган Борбордук айылынын имамы: "Айылыбызга 108 тажик көчүп келип жарандык алган. Алардын туугандары уруш чыгарганына ишенбейм"



Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда Баткен облусундагы Борбордук айылынын тургуну Буувахан Кадыркановдун бутуна эки ок тийип, учурда ооруканада дарыланууда. Ал SUPER.KG порталына ошол күндөгү башынан өткөн окуяны айтып берди.
Кадырканов Борбордук айылындагы мечитте 13 жылдан бери имамдык кылат. Анын айтымында, тажик тараптан атылган ок унаасынын капотун тешип өтүп бутуна тийген.
"Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Борбордук айылынын тургунумун. 1970-жылдан бери ошол айылда турам. Баткенге же Исфанага караганда Тажикстан бизге жакыныраак. Ошондуктан керектүү оокаттарыбызды коңшу мамлекеттен алабыз.
Жаңжал күнү чек арадагы жолдо унаа айдап бара жаткам. Автомат же снайпер менен атканын билбейм, ок унаанын оң дөңгөлөгүнө тийип, капотту тешип өтүп бутума тийди. Унааны арты менен айдап, араң биздин аскерлер турган жерге жетип бардым. Алар мени унаамдан түшүрүп башка унаага салып жиберишти. Ал унаа менен Кулунду айылына, андан кийин Исфана шаарына ооруканага бардым.
Тажик эли шарият илими боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Орозо күндөрүндө алардын мындай иш кылганына ишенбейм. Урушту башка бирөөлөр чыгарып жатат. 108 тажик туугандар Борбордук айылына көчүп келип, Кыргыз жарандыгын алып отурукташып калышкан. 66 адам убактылуу паспорт алышкан. Балким, азыр көбөйгөндүр. Алардын Тажикстанда тууган-уругу бар. Алар мындай ишти кылбаса керек деп ойлойм.
Биз чек арада аралашып жашап эле келе жатабыз. Алардын иши болсо Кыргыз өлкөсүнө келе берет, биздин ишибиз болсо Тажикстанга бара беребиз. Мусулман адамдар уруш чыгарбайт. Уруш чыгаргандар мусулман эмес, кандайдыр бир жалданган адамдар болушу керек деп ойлойм.
Борбордук айылындагы Арка 1 мечитинде 13 жылдан бери имаммын. Кыргызы да, тажиги да аралашып бир мечитте намаз окуп келгенбиз", - деди Кадырканов.

Ayil tajik ayili bolup kaluuga korkunuch bar