super.kg logo

Жалал-Абад шаарында жамгырдан кийин сел жүрдү

 
Жалал-Абад шаарынын аймагында 7-майга караган түнү катуу жаап өткөн жамгырдан кийин Сел-Арык сел каналдын кээ бир тар жерлеринен жана кээ бир лотоктордон суулар ашып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйынтыгында шаар аймагынын жайгашкан бир катар мекеме ишканалардын жана жеке турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөөлөрүн суу каптаган. Учурда жогорудагы суу каптаган даректер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, мекеме ишканалардын, үйлөрдүн короолорундагы, сууларды сордуруп чыгаруу жана кээ бирлерин суу кайрадан каптабаш үчүн бөгөт коюлууда.
Учурда Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, тиешелүү шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери жана техникалары тарабынан суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.
Кошумча маалымат берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: