super.kg logo

Ысык-Көлдүн милициясы коронавируска каршы вакцина алууда

 

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коронавирус инфекциясына каршы вакцина ала башташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Вакцина менен эмдөөнүн биринчи этабына эч кандай медициналык каршы көрсөтмөсү жок милиция кызматкерлерине уруксат берилди. Биринчилерден болуп калк менен түз байланышта кызмат өтөшүп, инфекцияны жуктуруп алууга коркунучу бар болгон милиция кызматтары эмдөөдөн өтүшүүдө. Алардын ичинде милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, кайгуул-күзөт кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жана башка кызматтардын кызматкерлери.

Вакцина менен эмдөөнүн алдында Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык кызматкерлери милдеттүү түрдө дененин температурасын жана кан басымын өлчөө менен милиция кызматкерлерин текшерүүдөн өткөрүшөт. Каршы көрсөткүчтөрү бар милиция кызматкерлерге эмдөөгө тыюу салынат. Дарыгерлердин айтымында, эмдөөдөн өткөн адамдар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат, алар башкаларга коркунуч жаратпайт жана кызматын уланта алышат.

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерди вакцина менен эмдөөдөн атайын түзүлгөн графиктин негизинде этап-этабы менен өтүшмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: