ИИМ: "Кыргыз-Тажик тилкесинде абал туруктуу"









Баткендеги чек арадагы абал менен жарандардын коопсуздугу милициянын толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 7-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын Кыргыз-Тажик тилкесинде абал туруктуу.
"Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруучулук иштерге өзгөчө көңүл бурулууда. Чек ара тилкелеринде милиция жана ички аскерлердин аскер кызматчылары, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүүдө.
Мындан сырткары милиция кызматкерлери менен аскерлер күнү-түнү кызмат өтөп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүдө. Учурда чек арадагы абал тынч. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартип менен коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда", - деп билдиришти ички иштер министрлигинен.
