Жалал-Абадда оң рулдуу унааларды сол рулдуу кылып каттаган мамлекеттик кызматкерлер аныкталды
“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө кызматтык жасалмачылык аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан оң рулдуу Хонда Фит унаасын сол рулдуу кылып каттагандар аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 329-беренеси "кызматтык жасалмачылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн 1967-жылы туулган адиси Кыргыз өлкөсүнүн аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынганына карабастан, 2008-жылы Японияда чыгарылган ак түстөгү Хонда Фит унаасын мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөргөндүгү аныкталган. Аталган факты тергөө кызматы тарабынан тергелип, соттун кароосуна жиберилди.
Учурда ушундай эле факты менен дагы бир кылмыш иши тергелүүдө. Анда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан 2009-жылы Японияда чыгарылган көк түстөгү Хонда Фит унаасынын рулу оң жакта экендигине карабастан, сол жакта деп көрсөтүлүп, унааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүлгөндүгү белгилүү болгон", - деп билдиришти облустук милициядан.
