Конституциялык сот, соттордун макамы жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланды
Бүгүн, 7-майда Бишкекте Конституциялык соту, соттордун макамы жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегөрөк стол өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, илимпоз юристтер, жарандык коомдун жана ЖМКлардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул иш-чараны “Судья айымдардын кыргыз ассоциациясы” “Кыргыз Республикасынын соттор ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен бирдикте уюштурду.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева бул иш-чаралар конституциялык реформанын алкагында жүрүп жатканын белгиледи. "Азыр мыйзамдарды инвентаризациялоо процесси жүрүп жатат. Жаңы баш мыйзам ишке кирди, эми мыйзамдарды ага шайкеш келтирүү милдети турат. Бул процесс кыска мөөнөттө, ошол эле учурда сапаттуу жасалууга тийиш”, - деди төраганын орун басары.


1 |