Кадамжайда жааган жамгырдын кесепетинен дамба бузулуп, 1500 адам коопсуз жерге чыгарылды






Баткенде жааган жамгырдын кесепетинен каптаган сел сууларын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-майда саат 23:13 чамасында Кадамжай районунда жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылындагы №12 Селводзащитанын балансындагы дамбага суу толуп кеткен.
"Анын кесепетинен узундугу 4-5 метр аралыктагы дамба бузулуп, Ак-Турпак айыл аймагынын Кайтмас, Өрүкзар жана Торговый айылдарына коркунуч жараткан. Мындан улам 1 миң 500 адам коопсуз жерлерге чыгарылган. Натыйжада Торговый айылынын жолдорун, Техас кафесинин короолорун жана жол боюндагы дүкөндөрдү сел суулары каптап кеткен. Учурда каптаган суу токтоп, 1500 жергиликтүү эл туруктуу жашаган аймактарына кайтышты. Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.



1 |