Бишкек мэриясы Ак-Босого конушуна жаңы мектеп курууга тендер жарыялады



Бишкек шаардык мэриясы Ак-Босого конушуна жаңы мектеп курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жаңы жалпы билим берүү мекемеси 660 окуучуга ылайыкташкан. Долбоордук-сметалык документтери толук бүткөн.
Тендер борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын коомдук-мамлекеттик линиясы боюнча өтөт. Жалпы билим берүү мекемесинин алгачкы сметалык баасы 284 миллион 445 миң 867 сомду түзөт. Курулуш шаардык бюджеттен каржыланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.