Баткендеги Самаркандек - Мадиген - Даркум унаа жолун куруу иши башталды
Баткен облусундагы Самаркандек - Мадиген - Даркум унаа жолун куруу иши башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндөн тарта Маргун айылынан Даркум айылына жолду профилдөө иши башталды, андан ары Самаркандек - Даркум жолу боюнча иш жүргүзүлөт.
Самаркандек - Мадиген – Даркум унаа жолунун узундугу 44,1 чакырымды түзөт.
2012-2017-жылдары бул унаа жолдо жол куруу иштери жүргүзүлүп, транспорт каражаттарынын жүрүүсү камсыздалган. Бирок жол куруу иштери толугу менен жыйынтыкталган эмес жана унаа жолдун көпчүлүк тилкеси оңдоп-түздөөдөн өтүшү керек.
Мындан тышкары узундугу 10,1 чакырымга эсептелген Кулунду - Максат - Арка (айрым жерлерде) унаа жолун асфальт бетон менен жабуу үчүн инерттик материалдарды даярдоо, жол битумун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча даярдык иштери башталды.
Маалымдама: Өкмөттүн 3-майдагы буйругу менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусундагы социалдык жана чарбалык багыттагы талкаланган объектилерди калыбына келтирүү үчүн 500 миллион сом бөлүнгөн.
