Президенттик администрация министрлер кабинетинин иши жөнүндө түшүндүрмө берди
Президенттик администрация министрлер кабинетинин иши жөнүндө түшүндүрмө берди. Бул тууралуу маалыматты президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
11-апрелде кыргыз эли Конституциясы жөнүндө сегиз беренеден турган мыйзамга добуш берди. Аталган мыйзамдын 1-беренесинде Конституциянын тексти берилген. Мыйзамдын 2-8-беренелери (өткөөл жоболор) бийлик институттарынын мурастоочулугун жана коомдун туруктуулугун, Конституциянын күчүнө киришин камсыз кылган ченемдерди жөнгө салат.
Ошентип Конституциянын тексти (мыйзамдын 1-беренеси) менен өткөөл жоболорун (мыйзамдын 2-8-беренелери) бир бүтүндүктө түшүнүп, колдонуу керек. Ошол эле учурда Конституция жана мыйзам боюнча министрлер кабинетин түзүүдө ар кандай жол-жоболор каралган.
Мыйзамдын 4-беренесине ылайык (өткөөл жоболор), жаңы Конституция күчүнө киргендигине байланыштуу өкмөт отставкага кетти деп эсептелинет. Ошону менен бирге өкмөт тарабынан ыйгарым укуктарды аткарууну улантуу каралбагандыктан, министрлер кабинетинин курамын токтоосуз түзүү талап кылынган.
Аталган мыйзамдын редакциясындагы Конституцияга ылайык, министрлер кабинетинин курамын түзгөнгө чейин президент жарлыктын негизинде убактылуу министрлер кабинетинин курамын түзө алат жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин дайындай алат. Ошол эле учурда бул мыйзамдын ченеминде (4-берене) Жогорку Кеңештин макулдугун алуусу каралган эмес.
Ошентип мыйзамдын өткөөл жоболорунда президентке убактылуу министрлер кабинетин өз алдынча түзүү укугу берилген.
"Министрлер кабинети жөнүндө" жана "Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдары кабыл алынып, алардын негизинде жаңы парламент түзүлгөнгө чейин президент тарабынан убактылуу түзүлгөн өлкөнүн министрлер кабинети жаңы Конституциянын эрежелерине ылайык, жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарышат.
Конституцияда каралгандай болбосо дагы мыйзамдын эрежелерине ылайык, президент убактылуу министрлер кабинетин түзүүгө укуктуу жана милдеттүү.
Президенттин министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндөгү жарлыктарында "убактылуу" деген терминди колдонуу талап кылынбайт, анткени аларды дайындоо мыйзамдын убактылуу түзүү жөнүндө көрсөтүлгөн 4-беренесинин негизинде ишке ашырылат.
