Украинанын Улуттук адабият музейинде Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт
Кечээ, 21-октябрда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев Украина Улуттук адабият музейинин директору Галина Сорока менен жолугушту. КРнын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда алар Украинада Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө талкуулашты. Жазуучунун чыгармаларын, анын сүрөттөрүн, улуттук кыргыз кийимдерин чагылдырган көргөзмө уюштуруу жөнүндө да пландашты. Ошондой эле "Ак кеме" повести, "Кыямат" романы боюнча спектаклдер көргөзүлөт. Көргөзмөгө келгендерге Кыргызстандын кооз жерлерин чагылдырган сүрөттөрдү көрүүгө, кыргыз аткаруучуларынын музыкалык чыгармаларын укканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.