Исхак Масалиев: "Азыркы бийликтин сүйлөгөн адамды эле провокатор атаганы туура эмес"
Кечээ, 6-майда президент Садыр Жапаровдун Баткенде өткөн жолугушууларын видео-сүрөткө тартууга тыюу салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүүлөр кабарлап, жыйында ажонун айткандарын сүрөт-видеого тартып жибере албай жатышканын билдирип даттанышты. Ошол эле учурда президент Кулундуда Кожалы-Ворух жолу боюнча суроо берген баланы "провокатор, тарбия көрдүң беле" деп атаганын ал жакта жүргөн журналисттер нааразы болуу менен жазып чыгышты. Анда айтылган маалыматка ылайык, жергиликтүүлөр суроо берген жигитти жулмалап кетишкен. Бул чектөө журналисттер коомчулугунун жана интернет колдонуучуларынын кебине алынды.
Мындан улам мурунку депутат Исхак Масалиев менен байланышканыбызда, ал өз пикирин билдирди. Анын айтымында, бийлик өкүлү коомчулукка ачык болушу керек.
"Баткенге барган өкмөт өкүлдөрүнүн иш аракеттерин жанындагы адамдар сүрөткө тартканга уруксат экен, ал эми карапайым элге жок. Ал жерде телефонун бекитип алып, жашырынып тартып жаткандар болду.
Анда бийликтин жанында жүргөн пресс-катчылар жана коопсуздук кызматкерлеринин аракети да туура эмес болуп жатат. Бир жагынан алардын жабык болуусун эл арасында ар кандай пикирлердин алдын алуу деп да баалоого болот.
Бирок президент өзү буга чейин баары ачык болот деп айтып келе жатат. Ошол пикирди айткандан кийин чын эле баары ачык болуш керек да. Айрыкча жергиликтүүлөр менен президенттин жолугушуусун эмнеге жашыруу керек. Анда жол жабылып, милициялар кырдаалды көзөмөлдөп турганы тууралуу да айтылды.
Буга атамды мисал келтире алам. Ал убагында Кыргыз өлкөсүнүн башчысы болуп турган. Ал киши кайсы жакка барса дагы жанында бир жардамчысы болот эле, барган жерин шаңга айлантып милиция кызматкерлерин тизип, жолду жаппайт болчу. Ошол эле учурда бийлик өкүлү көп учурда барпылдап сүйлөгөндү токтотушу керек. Өкмөт курамында иштегенден кийин башка жоопкерчилик пайда болот.
Өзү үчүн эле эмес, мамлекет үчүн жоопкерчилик пайда болуп, ар бир сөзү ок сыяктуу эсептелинип калат. Биз азыр баарын көрүп жатабыз. УКМКнын башчысы деле, өкмөт башчы деле көп сөздөрдү айтты. Бул жерде алар өздөрүнүн катачылыгын ачыкка чыгарууну каалабай жатканы ачык эле көрүнүп турат. Бардык сүйлөгөн адамды эле провокатор деп аташканы туура эмес. "Жок, сен мага каршы сүйлөп жатасың, ага асылып жатасың, буга асылып жатасың" дегендери туура эмес", - деди Масалиев.




















1 |