Тышкы карыздын өлчөмүнө жакын. Сот "Кумтөрдөн" 262 миллиард сомго жакын акча өндүрүп алуу чечимин чыгарды

Сот "Кумтөр" компаниясынан 262 миллиард сомго жакын акча өндүрүп алуу чечимин чыгарды. Маалыматты Октябрь райондук сотунан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, "Кумтөр" компаниясынын үстүнөн 4 жаран арыз менен кайрылып, аталган компания экологияга зыян келтиргенин билдирген.
"Айбек Сарыбаев, Наристе Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов аттуу жарандар "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун үстүнөн даттанып, компания иш жүргүзгөндөн кийинки калдыктар "Давыдов", "Лысый" мөңгүлөрүнө зыян келтиргенин белгилеген.
Сот жарандардын арызын канааттандырып, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан мамлекеттин пайдасына 261 миллиард 719 миллион 674 миң 080 сом өндүрүү чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, бул чечимге каршы 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанууга болот.
"Кумтөр" компаниясынан өндүрүп алуу чечилген каражатты долларга айландырганда 3 миллиард 87 миллион доллардын тегерегиндеги акча болот. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн жалпы мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түзсө, анын 4 миллиард 169 миллиону тышкы карыз.

Канаданы утуш кыйын. Эртен кайра бизди эл аралык сотко беришет. Кыскасы бул жакты жон гана эл козуно деген саясат бар азыр бийликтин.
Жаны жомок!!!
Элди Баткендеги окуядан алаксытуу учун ойлоп табылган сценарий......
Канадалык компания мамлекеттик компания эмес, частный компания. Так что озубуздун эле соттор бутуруп койчу иш бул. Эгер эл аралык сотко кайрылса алар айтышат ич ара чечишип алгыла биз кийлигише албайбыз деп