Өкмөттүн аппаратына 2 миң 393 кат жүзүндө жана 1 миң 775 оозеки түрдөгү жарандардын кайрылуусу келип түшкөн
2021-жылдын январь-апрель айында өкмөттүн аппаратына 2 миң 393 – кат жүзүндө жана 1 775 оозеки түрдөгү жарандардын кайрылуусу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
- Президенттик аппарат – 205;
- Жогорку Кеңеш – 129;
- Премьер-министрдин коомдук кабылдамасы – 120;
- Электрондук кайрылуулар – 194.
Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында жеке маселелер боюнча 938 жаран кабыл алынган, анын ичинде жетекчилик тараптан 76 жаран кабыл алынган.
2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын саны 1 миң 329 кайрылууга же 2,25 эсеге көп болгон.
Жарандардын кат жүзүндөгү кайрылууларынын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарды бөлүп көрсөтүүгө болот:
- Жеке кабылдама боюнча - 273;
- Турак-жай маселеси - 206;
- Социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөк пулдар жана материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуулар - 189;
- Кадрдык маселелер, жумушка орноштуруу, эмгек талаштары жана айлык акы тууралуу - 103;
- Ички иштер министрлигинин маселелери - 99;
- Саламаттыкты сактоо жана Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун иши боюнча маселе - 94;
- Банк түзүмдөрүнүн, микрокредиттик компаниялардын маселеси - 89.
Жарандардын айрым кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын министрлик жана мекемелеринде авторлор тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана көрсөтүлгөн фактыларды иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топтор түзүлгөн.
