super.kg logo

Билим берүү министрлиги педагогдордун эмгек акысын автоматташтырылган эсептөө системасын ишке киргизди

 

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүнү санариптештирүүнүн жана автоматташтыруунун алкагында ишти улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Европа биримдигинин техникалык колдоосу менен "Педагогдордун эмгек акысын автоматташтырылган эсептөө" системасы киргизилди. Эмгек акыны автоматташтырылган эсептөө ар бир мектеп-интернаттын спецификасын эске алуу менен интернат тибиндеги билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине маянаны ар айлык эсептөөнү камтыйт.

Бул система бизге билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүүгө, билим берүү системасынын кызматкерлеринин, анын ичинде ар бир билим берүү мекемеси боюнча өлкөдөгү административдик-чарбалык персоналдын жана педагогикалык кызматкерлердин, маалыматтар базасынын статистикалык санын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акыларды эсепке алуу менен эмгек акынын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: