super.kg logo

Баткен эли колдоо көрсөткөн мекендештерге жана дүйнө коомчулугуна ыраазычылык билдирди

 

Баткен эли колдоо көрсөткөн мекендештерге жана дүйнө коомчулугуна ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кыргыз-Тажик чек арасында болуп өткөн окуяларга байланыштуу “Баткен облусунда ондогон өмүрлөр кыйылып, жүздөгөн жарандар жаракат алып, жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайсыз калды” деген кабарды ар бир мекендешибиз оор жоготуу катары кабыл алганын сезип турабыз.

Мындан улам кайрымдуу инсандар тарабынан “Баткен, биз сени менен” деген ураан аркылуу моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иштери ыкчам жана аябай активдүү уюштурулуп жатат.

Кыргыз эли ынтымагын, биримдигин жана берешендигин дагы бир ирет далилдеди. Бул күндөрү бизге өлкө аймагынан эле эмес, дүйнө коомчулугунан да жардамдар келип жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: