Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат
Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары - Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы 31-майдан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачууну пландаштырып жаткандыгын билдирет.
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Учуу убактысы 1 саат 15 мин.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Туркиябы же Туркменистанбы? Же Кытайдагы автономиялык Түркстанбы?