super.kg logo

Мамлекет жетекчилери коомдук ишмер, меценат Ташкул Керексизовду эскеришти

 

Мамлекет жетекчилери коомдук ишмер, меценат Ташкул Керексизовду эскеришти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

7-майда 73 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери, меценат Ташкул Керексизов дүйнө салды.

Ташкул Керексизов Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" жана "Аалам ордо" комплексинин негиздөөчүсү. Аталган комплекстер кыргыздын улуттук рухун көтөрүп, сыймык жаратуучу уникалдуу маданий объектке айланган.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин, 1981-жылы Алматыдагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. 1972-1977-жылдары Кыргыз керек-жарак союзунун аппаратында товаровед, 1980-1982-жылдары Панфилов райондук керек-жарак союзунун төрагасы, 1990-1992-жылдары Москва райондук керек-жарак союзунун төрагасы болуп, 1996-жылы Кыргызстан Кооперативдер бирдигин жетектеген. 1996-1998-жылдары Талас облусунун губернатору, Салык кызматынын директору болгон. 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын министри-мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси болуп иштеп бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарда эмгектенген.

2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомчулукта, эл аралык деңгээлде өзүнүн кайталангыс эмгеги менен элдин калың катмарына таанымал болгон атактуу ишмер Ташкул Керексизовдун жаркын элеси кыргыз элинде түбөлүк сакталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
08.05.2021. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун, Аалам ордонун кайрадан ачылышын күтүп аттым эле.
08.05.2021. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызстанды талап тоногон адамдардын бири ушул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: