Кремлдин басма сөз катчысы: "Путин жакын арада Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү пландаган жок"
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз мамлекетинин президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү азырынча пландаштыра элек. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Азырынча графикте жок" деп Песков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдү эске алуу менен жакынкы аралыкта ушундай байланыш пландаштырылабы деген суроого жооп берди.
Буга чейин Дмитрий Песков Рахмондун сапары Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяларга чейин пландаштырылганын жана макулдашылганын белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
-2

Бизге мындай партнер керек эсес экен. Артыңан бычак сайган.