super.kg logo

Гүлчамбар, аскердик формалар... Борбор калаада Жеңиш майрамы кандай өтүп жатат? (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 9-Май - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 76 жыл толду. Бул күн бир тарабынан майрам болсо, экинчиден курман болгондорду эскерүү күнү...

Өлкөдө 9-майда жыл сайын масштабдуу иш-чаралар өткөрүлүп, параддар орун алса, 2 жылдан бери, атап айтканда, былтыркы жылдан бери коронавирус пандемиясынын айынан иш-чараларды өткөрүүгө чектөө коюлуп келет. Бул жылы дагы ири деңгээлде иш-чаралар орун алган жок. Ошого карабастан шаар тургундары согушта курман болгон аталарды, мекендештерди эскерип, Өчпөс отко гүл коюп кетип жаткан кези.

Жогоруда айтылгандай, өлкөдө мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар уюштурулбагандыктан "Ала-Тоо" аянтында эч кандай майрамдык маанай байкалбайт. Бирин-серин эс алып жүргөндөр, тагыраагы күндөгүдөй эле көрүнүш.

Ал эми Улуттук филармония жакта деле эч кандай майрамдык маанайды байкай алган жокпуз. Ошондой эле көчөдө адамдардын саны аздыгына күбө болдук.

Маалымат үчүн:

1945-жылы 8-май күнү саат 22:43тө Германиянын баш калаасы Берлиндин жанындагы Карлсхорст шаарында генерал-фельдмаршал Кейтель вермахтын атынан Советтер Союзунун маршалы Георгий Жуковдун жана союздаштардын атынан Англиянын авиация маршалы Теддердин катышуусунда толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон.

Бул мезгилде Москвада 9-май болуп калган эле. Ошентип 4 жылга созулган (1941-1945-жылдары) эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.

Ошол эле замат Иосиф Сталиндин жарлыгы менен 9-Май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-май күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган.

Көчөлөрдө адамдар бири-бирин куттуктап, ыйлап жүрүшкөн. Бул кубанычтын ыйы болгон. Кечинде СССРдин борбору Москва шаарында 1000 замбиректен 30 залп менен СССРдин тарыхындагы эң масштабдуу Жеңиш салюту атылган.

Бирок 1948-жылдан баштап 9-май кайрадан жумуш күнү болуп калган. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май кайрадан жумуш эмес күн деп жарыяланып, бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: