Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул жашоодо өмүрдөн өткөн баалуу нерсе жоктур...Советтик армиянын жоокерлери 1945-жылы баарыбызга дал ушундай белекти - жашоого, келечекке болгон укукту тартуулашты.
Биз согушуп, окко учуп, адам чыдагыс шарттарда аман калган, ураган-кыйраган өлкөнү кайра калыбына келтирип, бизге жашоо укугун берген адамдардын алдында түбөлүк карызбыз. Бул күнү урматтуу согуштун катышуучулары жана тылда иштегендер, сиздерге башыбызды ийип, Улуу Ата Мекендик согуштун кан майданынан кайтпай калгандарды тизе бүгүп эскеребиз.
Өкүнүчтүү жери Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын катары жыл өткөн сайын суюлуп баратат. Бирок азыркы муун, өзгөчө, жаштар, өспүрүмдөр тарыхты билүүгө, адамзатты фашизмден куткарган баатырларды унутпай, ал эс-тутумду муундан-муунга өткөрүп берүүгө тийиш.
Биз, улуу жеңиштин мураскерлери, өткөн согуштун азап-тозокторун башкаларга караганда да көбүрөөк эстеп, адамзатка түбөлүк бир чындыкты - биздин планетадагы жашоо кандай кымбат, ошол эле учурда кандай назик экендигин эске салып турушубуз керек. Советтер Союзунун ар кайсы улуттагы элдери фашисттик баскынчыларга каршы бир катарда туруп салгылашып, жеңишке жетишти. Анткени алар улутка, регионго бөлүнүшкөн эмес. Биздин элдердин согуш жылдарында катаал сыноолордон өткөн достугу, ынтымагы жана биримдиги азыркы жана кийинки муундарга үлгү болоруна ишенем", - деп жазылат куттуктоодо.
