ИИМ: "Чек ара чырында жабыркаган үйлөрдү, имараттарды, мүлктөрдү кароо аяктады"






9-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тергөө, иликтөө топтору кыргыз-тажик тилкесиндеги айылдардагы чыр-чатакта зыянга учураган үйлөрдү, имараттарды, мүлктөрдү жана буюм-тайымдарды кароону аяктады, бирок келтирилген чыгымдардын, зыянга учураган буюм-тайымдардын так санын жана суммасын тактоодо кыйынчылыктар жаралууда. Аны толук тактоо иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө", - деди министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков.
Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик
тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок.
Ыкчам кырдаалга жараша милициянын жана ички аскерлердин айрым бир бөлүктөрү туруктуу жайгашкан ордуларына кайтарылууда. Баткен облусундагы ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, кайгуул күзөт кызматы, ИИМдин атайын операциялар отрядынын жоокерлери жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо бөлүмүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коомдук тартипти сактоо, күндүзгү жана түнкү кайгуулдарды уюштуруу, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча өз ишмердүүлүгүн улантууда.
