super.kg logo

Улукбек Марипов ардагер Касмалы Осмоновдун акыбалынан кабар алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касмалы Осмонов менен учурашып, ардагердин акыбалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Улукбек Марипов ардагерди 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктап, ага чың ден соолук жана узун өмүр каалады.

"Сиздин эрдигиңиз ар-намыстын жана кайраттуулуктун үлгүсү болуп саналат. Ушул күнү биз фронт талаасында жанын аябастан, өз эрдиги аркылуу фашизмди талкалоого чечкиндүү салым кошкон улуу муун үчүн өзгөчө сыймыктанабыз. Өлкөбүздө биздин кайратман аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө терең сакталат. Каатчылык мезгилде сиздер башты жерге салбастан өлкөбүздү душмандын баскынчылыгынан сактап калдыңыздар. Мындан 76 жыл мурда жетишкен жеңишибиз – майтарылбас эрктин, жогорку патриоттуулуктун жана бузулгус эл достугунун мыкты далили болуп саналат", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Улукбек Марипов Касмалы Осмоновго материалдык жардам тапшырып, мамлекет мындан ары карай дагы согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөт деп ишендирип кетти.

Маалымдама: Касмалы Осмонов 1922-жылы туулган, Бишкек шаарында жашайт. 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: