super.kg logo

"Кытай Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяны тынчтык жолу менен чечүү аракетин кубаттайт" дейт Кытайдын элчиси

 

Борбордук Азия-Кытай форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусуна катышуунун алкагында Кытайдын расмий сапарынын алдында 8-майда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытайдын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын алдыдагы боло турган сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду.

Ду Дэвэнь Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен курман болгон Кыргыз жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле Кытай Кыргыз мамлекетинин ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп, кыргыз жетекчилиги тарабынан Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларды тынчтык жолу менен чечүү, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча аракеттерди кубаттады. Кытай тарап дипломатиялык аракеттер менен сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү камсыздалат деген ишенимин билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
09.05.2021. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам берсе болбой бекен ээ..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: