Өлкөдө төрт ай ичинде пенсия жана жөлөк пулга 17 миллиардга чукул каражат сарпталды
Өлкөдө 2021-жылдын январь-апрель айларында пенсия жана жөлөк пулга 16 миллиард 577 миллион 800 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, пенсия жана жөлөк пулдардын каржылануусу апрель айына 4 миллиард 146 миллион 100 миң сомду түздү.
Пенсия жана жөлөк пулдун аймактар боюнча бөлүнүшү:
- Бишкек шаары — 2 миллиард 708 миллион 100 миң сом;
- Чүй облусу — 2 миллиард 552 миллион 400 миң сом;
- Нарын облусу — 1 миллиард 324 миллион сом;
- Ысык-Көл облусу — 1 миллиард 510 миллион 900 миң сом;
- Талас облусу — 685 миллион 100 миң сом;
- Ош шаары — 592 миллион 200 миң сом;
- Ош облусу — 3 миллиард 36 миллион 600 миң сом;
- Баткен облусу — 1 миллиард 325 миллион 200 миң сом;
- Жалал-Абад облусу — 2 миллиард 843 миллион 300 миң сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.