Улуттук статистика комитети: "Өлкөдө апрелге карата бензинге болгон баа 49 сом 98 тыйынды түздү"
Өлкөдө апрелге карата АИ-95 бензинине болгон баа орточо эсеп менен 49 сом 98 тыйынды түздү. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин сайтына жырыяланды.
Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча АИ-92 бензинине жана дизель күйүүчү майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторинг жүргүзүлдү.
Апрель айына карата АИ-95 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 49 сом 98 тыйынды түзгөнүн жана 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 34,2 пайызга өскөнүн көрсөттү. Ал эми мурунку жылдын апрель айына салыштырмалуу 18,3 пайызга жогорулады.
АИ-95 бензинине чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору:
- Исфана (литри үчүн 51 сом 92 тыйын),
- Баткен (литри үчүн 51 сом 72 тыйын),
- Кара - Суу (литри үчүн 50 сом 63 тыйын)
- Кербен (литри үчүн 50 сом 52 тыйын) шаарларында түзүлдү.
Ал эми аларга карата минималдуу баалар:
- Балыкчы шаарында (литри үчүн 48 сом 37 тыйын);
- Нарын шаарында (литри үчүн 48 сом 60 тыйын);
- Чаек айылында (литри үчүн 48 сом 70 тыйын);
- Токмок шаарында (литри үчүн 48 сом 93 тыйын).
Бензинге болгон баалардын 2020-жылы декабрына салыштырмалуу эң жогору:
- Каракол - 42,5 пайызга;
- Өзгөн - 37,0 пайызга;
- Токтогул - 36,9 пайызга;
- Токмок - 34,8 пайызга;
- Бишкек шаарларында - 34,3 пайызга өскөн.
Ал эми мурунку жылдын апрель айына салыштырмалуу бааларынын максималдуу өсүшү:
- Жалал-Абад - 20,0 пайызга;
- Өзгөн - 19,8 пайызга;
- Токтогул - 19,7 пайызга;
- Кара-Балта - 19,5 пайызга;
- Кербен шаарларында - 19,3 пайызга өскөн.


1 |