Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Кайгырган эне" айкелине гүл койду





Кечээ, 9-майда Ташкент шаарында транзиттик токтоо учурунда Тышкы иштер министрлеринин "Борбордук Азия - Кытай" экинчи жолугушуусуна катышуу алкагында Кытайга расмий иш сапары менен баруунун алдында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жеңиш майрамынын 76 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерип, "Кайгырган эне" айкелине гүл койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
"Мемориалдык комплекс Ташкент шаарынын эгемендүүлүк аянтында түбөлүк оттун алдында жайгашкан. Ал 1999-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон 400 миң Өзбекстандын жоокерлеринин элесине арналып тургузулган.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин делегациясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери, ошондой эле Өзбекстандын Тышкы саясий мекемесинин өкүлдөрү катышты", - деп айтылат маалыматта.
