super.kg logo

Чек арадагы окуяда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрү үчүн үйлөрдүн курулушу башталды (сүрөт)

 

Президент Садыр Жапаровдун 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүн ар тараптуу колдоо боюнча демилгесинин алкагында 9-майда Баткен шаарында 36 турак үйдүн курулушу башталды.

Турак үйдүн капсула салуу аземине президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, "Ихлас" курулуш компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

"Курулуш үчүн шаардык мэрия тарабынан Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер ажыратылды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат.

Турак үйдүн курулушу ата мекендик «Каганат» инвест холдингинин «Ихлас» курулуш компаниясы тарабынан башталды. Курулуш иштерин эки ай аралыгында бүткөрүү пландалды", - деп айтылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.05.2021. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чет булак оштову ошондо эн сонун иш башташыптыр кимдин салымы болсо Аллах ыраазы болсун Ихлас курулушунун негиздоочусу Нурбек акага Аллах ыраазы болсун берешен элди ойлогон патриот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: