Президент Садыр Жапаров банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Урматтуу банк секторунун кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Банк сектору приоритеттүү тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн банктык кызматтарды көрсөтүү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз өлкөсү банк системасы коронавирус пандемиясы менен байланышкан глобалдык экономикалык туруксуздукка карабастан стабилдүү иштеди.
Банк секторунун туруктуу көрсөткүчтөрү айтылгандарга далил. Финансылык стабилдүүлүк жана банк системасынын коопсуздугу банк кызматкерлеринин өз ишине берилип иштегендиги менен жетишилген.
Сиздердин алдыңыздарда жаңы милдеттер турат. Дүйнөдө финансылык технологиялардын динамикалык өнүгүшүн эске алуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү керек.
Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу экономиканын реалдуу секторун колдоо боюнча ишти активдештирүү зарыл.
Сиздердин тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөнүн банк системасынын мындан аркы өнүгүшүнө жардам берет деп ишенем. Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ишиңиздерде ийгилик каалайм!", - деп жазылат маалыматта.


1 |