super.kg logo

Бишкекте кургак учук жуктурган жоокерлердин саны 33кө жетти

 

Аскерде кызмат өтөп жатып, кургак учук жуктуруп алган жоокерлердин саны 33кө жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин дарыланып жаткан жоокерлердин төртөө ооруканадан чыгарылып, аскер госпиталында дарылануусун улантууда.

"Ооруканага буга чейин келип түшкөн жоокерлер дарылануусун улантууда. Жакында дагы 2 аскерди ооруканадан чыгаруу пландалып жатат. Кургак учукту дарылоо курсу 6 айдан 8 айга чейин", - деп билдирди ал.

Эске салсак, буга чейин январь айында Коргоо министрлигинин ыкчам кызматынын 7 жоокери кургак учук оорусун жуктуруп алышканы кабарланган.

Соңку маалыматтарга ылайык, кургак учук жуктурган аскерлердин саны өсүп отуруп 22ге жеткен.

Кийин аскер прокуратурасы жоокерлердин массалык түрдө кургак учук оорусуна кабылышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "шалаакылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: