Чек ара маселеси боюнча кыргыз-тажик делегацияларынын кезектеги жолугушуусу өттү
Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-9-майда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.
"Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.